Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ОППОЗИЦИЯ: БИЙЛИК ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМГЕ КАЙТА БАШТАДЫ


23-апрелде кечинде коопсуздук кызматы оппозиция лидерлеринин дагы экөөнү – “Атамекен» социалисттик партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдыракманов менен Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиевди камакка алды. Буга чейин «Канжар» кыймылынын лидерлеринин бири саналган Адилет Айтикеев камалган болчу. Укук коргоочулар муну куугунтук катары баалап, кооптонуусун билдирип жатышат.

Оппозиция лидерлерин Коопсуздук кызматы 19-апрелдеги жаңжал боюнча козголгон кылмыш ишинин чегинде камады. Аталган саясатчылардын жактоочулары алар массалык тартип бузууларды уюштурган деген шек менен үч күнгө камакка алынышканын айтып жатышат.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бириккен фронттун лидери Феликс Кулов муну бийликтин куугунтугу деп баалады. Тынч митингдин катышуучуларынын да, аны уюштуруучулардын да жаңжалга тиешеси жок экенин митинг кууп таркатылаары менен 19-апрелдин түнүндө оппозиция уюштурган маалымат жыйынында Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиев да билдирген:

- Бизге милиция кызматкерлери чалып айтышкан: түштүктөн көптөрүн алып келишкен, ал эми жеке курам (түндүк милициясы) өздөрүнүн дислокациялык жайларында болушкан. Чабуул койгондор ошол ички иштер кызматынын түштүк бөлүмдөрүнүн келген тобу болгон. Ошондуктан, тынч митинг өткөрүп жаткандарга, демонстранттарга катуу чара колдоно башташкан.

Коопсуздук кызматы саясатчылардын камалышы тууралуу эч кандай түшүндүрмө берише элек. Бул аралыкта укук коргоочулар оппозицияга каршы бийлик жүргүзүп жаткан акыркы аракеттер өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп жиберет деп чочулашууда. Мындай пикирин «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди:

- Биз мырза Бакиевден расмий түрдө сурайт элек, репрессияны, оппозицияга каршы жасаган иштерди токтотуш керек, антпесе, Акаевдин кейпин кийип калабыз баарыбыз тең.

Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссия башчысы Турсунбек Акун «бөрк ал десе баш алган» майда кызматкерлер көбүртүп-жабыртып, бийликти жаманатты кылып жатат дейт:

- Ушунун бардыгы жакшылыкка алып келбейт. Муну куугунтуктоо деп эсептейм. Камаштын кереги жок болчу. Куловду сурагандай эле үч-төрт саат кама да, кое бер. Анткени, ошо Субаналиев эле күнөөлүү болсо бир жөн да. Биз да күнөөлүүбүз да. Анда биз да отуралы, анда бийликтин өкүлдөрүн да отургузсун.

Премьер министр Атамбаев келерки митингдерге сабак болсун үчүн кылмышы документалдуу далилденгендердин жазага тартылышын жактайт. Ошол эле учурда анын саясий куугунтукка айланып кетишине жол берилбестигине премьер министр кечээ кечинде болгон жолугушууда укук коргоочуларды ынандыруу аракетин жасады:

- Мен саат төрттө улуттук коопсуздук кызмат башчысы Суталиновду чакырып, катуу сүйлөштүк. Бизге бул ишти көбүртүп-жабыртуунун кереги жок, кимдир бирөөнү баатырга айландыруунун кереги жок дедим.

Анткен менен, бийлик 20-апрелден тарта оппозициянын үч активистин камоо менен бирге, «Агым», «Апта», «Кыргыз руху» гезиттерин басууга чек коюп, Бириккен фронттун кеңсесин, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев мурда жетектеп келген «Неман» фирмасынын кеңсесин күч менен текшерүүгө алды.

Ушундай көрүнүштөрдү эске алган оппозиция лидерлери бийликти тоталитардык режимге кайтып баратат деп сынга алууда. Мындай пикирин билдирген депутат Темир Сариев бийликтен куугунтукту токтотууну талап кылды:

- Бийликке каршы сүйлөгөндөрдү сабап-тоноп, камап, анан кандайдыр бир куугунтук жасоо шарт эмес. Эгер бийлик бүгүн уттук деп репрессиялык жолго түшүп кетсе – бул жаңылыштык болот. Биз саясатчы катары ага жол бербейбиз. Эл да жол бербейт.

Төлөкан Исамилова бийлик баш аламандыкка жол берип жатат деп тынчсызданды:

- Орустардын чаян, балык, аккуу жөнүндө жомок сыяктуу эле болуп атат. Команда жок. Ар кандай институт өзүнчө иштеп атат. Баш аламан. Аны Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы да он беш жылдан бери анархия деп айткан. Ошондуктан, Конституциялык реформа тез болбосо, адам укугу абдан тепселип атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG