Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:09

“Кыргызкөмүр” ишканасы акционердик коом болуп өзгөртүлөт


“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эн белгиси.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эн белгиси.

Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын ачык акционердик коом кылып өзгөртүү сунушу каралып жатат.

Бул тууралуу ишкананын директору Кайрат Маматов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында айтты.

Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүргө” таандык, андан тышкары ишкананын “Түштүк” жана Балыкчыдагы филиалдары бар. “Кыргызкөмүрдө” баш аягы 870 кызматкер иштейт. Ишкана негизинен Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ), Кыргызстандын аймактарына Кара-Кечеден көмүр ташуу менен алектенет.

Кайрат Маматов “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коом болуп өзгөртүлсө укугу бир топ кеңейтилип, майнаптуу иштээрин айтты. Өлкөдө кышында көмүр тартыш болуп, баасы кымбаттап кеткени тууралуу даттануулар айтылып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG