Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети күнү-түнү иштейт


Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеги чек арачы ити менен. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеги чек арачы ити менен. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө" макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эки мамлекеттин чек арасындагы "Каркыра" бекети күнү-түнү иштөө режимине өтөт.

Макулдашууга өзгөртүү киргизүү протоколуна 2003-жылы 25-декабрда кыргыз-казак өкмөттөрү кол койгон.

Мыйзам 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Президенттин сайтындагы маалыматта жазылгандай, протоколдун максаты - кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн шарт түзүү жана “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү.

"Каркыра — автожол" бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал 2003-жылы уюшулган. 2020-жылы коронавируска байланышкан карантиндик чаралардан улам убактылуу жабылып, 2021-жылы кайра ачылган.

Былтыр Казакстандан Кыргызстанга өтүп жаткан чет элдик туристтерди кыргыз чек арачылары автобустан түшүрүп, ар биринин баштыгын ачып, буюмдарын кол менен текшерип жатканы тартылган видео интернетке тараган.

Ушундан кийин Чек ара кызматы 2024-жылы “Каркыра” бекетине багажды жана колдогу буюмдарды текшерүүчү жаңы техника коюларын билдирген.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. "Каркырадан" тышкары Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG