Конституциялык Соттун мүчөлүгүнө президент сунуштаган талапкерлердин ичинен Мактым Калимбетова жетиштүү добуш топтой албай калды. Калган эки талапкердин - Светлана Сыдыкова менен Өмүрзак Мамыровдун мүчөлүккө шайлоо аркылуу Жогорку Кеңеш Конституциялык Соттун Баш мыйзамдын жаңыланган долбоорун кароосуна жол ачты. Бирок, конституциялык реформага байланышкан маселе ачык көтөрүлгөн жок.
Кырдаалды турукташтыруу жаатында парламент көрүүчү аракеттер тууралуу бул күнү сөз болгон жок. Жогорку Кеңештин жетекчилиги депутаттарды Жогорку кеңештин ичинде курал алып жүрүүгө тыюу салган токтомду аткарууга чакырышты:
- Уруксаты жок жансакчылар Жогорку Кеңеште куралдары менен жүрөт. Мындай болбош керек. Уруксаты болгон күндө да куралдар – деген төрага орун басары Кубанычбек Исабеков
Бул аралыкта Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун мөөнөтсүз митинг башталганда округдарга кетип калып, ал аркылуу кырдаалды турукташтырууга кош көңүл мамилесин көрсөттү деп депутаттарды сынга алды.