Шейшембиге караган түнү саат 3төн 14 мүнөт өткөндө Бишкектеги 41-мектептин бир бөлмөсүндө өрт чыккан. Дароо жете келген өрт өчүргүчтөр жарым саатка жетпей өрттү өчүрүүгө жетишкен. Андан компьютер, принтер, телевизор, 3 парта, окуу китептери жана башка буюмдар күйгөнү белгилүү болду. Бактыга жараша тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мындан бир аз күн мурда, өткөн ишембиге караган түнү Бишкектеги 35-мектеп да өрт кырсыгынан жапа чеккен.(SM)