ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында Кытайдан Кыргызстанга курулуш материалдар май айынан тартып жеткириле баштайт. Бул тууралуу келишимге Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев жана Кытай республикасынын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнян март айында кол коюшкан. Президенттин маалымат-кызматынан маалымдашкандай, Кытай өкмөтү курулуш материалдарды Кыргызстанга бөлүп берген кайтарымсыз гранттын акчасына жеткирет.