Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Будапештте кагылышуулардан улам сандаган адам жарат алды


Азырынча кагылышуулардан жапа чеккендердин так саны белгисиз.Алардын арасында 4 полициячы да бар деп маалымдалууда. Премьер-министр Ференц Дюрчандын кызматтан кетүүсүн талап кылган демонстрация полиция менен кагылышууга өтүп кеткен. Полиция ондогон демонстранттарды камакка алып, калгандарын жаш агызуучу газ жана суу атма колдонуптаратты. Өткөн октябрда Ференц Дюрчан өлкөдөгү чыныгы экономикалык абалды жашырып, жалган айтып жатканы белгилүү болуп калганда Будапештте бир катар нааразылык акциялар болуп өткөн. Анда полиция менен демонстранттардын кагылышууларынан 800 адам жарат алган.

XS
SM
MD
LG