Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

17:05 Казакстан чегара жөнүндөгү келишимдин ратификацияланышына кызыкдар


Буга байланышкан маселени бүгүн премьер министр Азим Исабеков менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өзбек Умурзаков талкуулашты. Ошондой эле элчи Ысыккөл жээгиндеги төрт пансионатты Казакстандын карамагына берүү боюнча эки президент Астанада кол койгон келишим да ратификацияланбай жатканын белгилеп, муну эртелетүүгө көмөк көрсөтүүнү президентке сунуш кылды. Чегераны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча келишимге 2003-жылы, пансионаттар боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Кыргыз парламенти бул эки келишимди тең ратификациялай элек. Болжолдуу маалыматтар боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев апрель айында Кыргызстанга расмий сапар менен келери күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG