Эгерде Иран Ирактагы аскерий операцияларга бут тосо турган болсо катуу жооп берет деп билдирди АКШнын президенти Жорж Буш улуттук радиого берген интервьюсунда. Вашингтон Иранды козголоңчуларга жардам берүүдө деп айыптоодо. Тегеран бул айыптоолорду четке какты. Кечээ Буштун өкүлү Тони Сноу Ирак Иран менен жакын мамилелерди курууга эрки бар деп билдирди. Ирандын Ирактагы элчиси Хассан Каземи Куми Тегеран Иракта аскерий жана экономикалык салымын кошууну кааларын билдирген.