Талкууда буга чейин Кыргызстандык эки кызды АКШнын аскер базасынын кызматкерлери автоунаа менен койдуруп кеткени, америкалык учкучтардын күнөөсүнөн улам “Манас” абамайданында токтоп турган Кыргызстандын эки учагы жабыр тартканы, авиакеросиндердин Сокулук районунун аймагына абада төгүлүшү, “Манастагы” диспетчерлерге АКШнын 15 млн. доллар карызы бардыгы айтылды.
Вице-спикер Кубанычбек Исабеков АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу маселесин кабыргасынан койду.
- Менин оюмча токтом өтө жумшак болуп калгандай. Керек болсо АКШнын авиабазасын аймактан чыгарыш керек. Мындай окуя биздин мыйзамдуулукту бузуп, тебелеп-тепсеп басмырлагандык болуп эсептелет. Америка кандай чоң мамлекет болсо дагы Кыргызстан өзүнчө мамлекет.Көз карандысыз мамлекет.
Депутат Искак Масалиев болсо Ооганстанда абал өзгөргөнүн, ошого жараша 2001-жылы Кыргызстан менен АКШ ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну сунуштады.
Депутат Азимбек Бекназаров аскер базасы үчүн түшүп жаткан акчалар кайда кетип жатканын иликтеп, коомчулукка билдирүү сунушун киргизди.
- Ошол ар бир самолет, ар бир аскердин жүргөнү үчүн ижара, акча каражаты каралган. Мына ошол акчалар кайда кетип жатат? Кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Мына ушул маселени да кошо карап койсо жакшы болот эле.
Депутат М.Эшимканов базада керосин мафиясынын күч экенин, мурда Адил Тойгонбаев аркылуу Акаевдердин чөнтөгүнө түшүп келген миллиондогон долларлар былтыркы 24-марттан бери кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз экенин айтып, муну да парламент иликтөөгө алышы керектигин билдирди.
Депутат Кубатбек Байболов бул маселе боюнча АКШ тарапты эле күнөөлөй бербей, аны колдоого алган мурдагы парламент депутаттарынын да күнөөсү бар экенин эскертип кетти. Анын пикиринде, парламент АКШнын аскер базасындагы маселелер боюнча эки мамлекеттин мамилелерине шек келтирбегендей чечим кабыл алышы керек: ”Канттагы Орусиянын аскер аба күчтөрү боюнча да маселени азыр караш керекпи же алар да бирөөнү атып салышын күтөбүзбү?”- деген суроону депутаттарга узатты.