Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Кытайдын дрон ишканалары АКШ санкциясына илинди


Орусия. Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар бүгүн 17-октябрда Орусия Украинага каршы ачкан согушунда колдонуп жаткан учкучсуз учактарды жасоого жана жеткирүүгө тиешеси бар деп эсептеген үч ишканага жана бир адамга санкция жарыялады, алардын экөө кытайлык ишкана экени белгилүү болду.

АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине кирген кытайлык эки компаниянын биринде (Xiamen Limbach Aircraft Engine Company) орусиялык алыска уча ала турган “Гарпия” учактарына кыймылдаткыч жасалары, ал эми экинчиси (Redlepus Vector Industry Shenzhen) ошол учактарды жеткирип турганы айтылды.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер бул орусиялык фирмалар менен бирге комплекстүү курал-жарак системасын иштеп чыгып, өндүрүп жаткан кытайлык ишканаларга каршы жарыяланган алгачкы америкалык санкция экенин айтты.

«Гарпияны» Орусия Украинанын эң зарыл инфраструктурасын жок кылуу үчүн колдонгону, натыйжада көптөгөн адамдын өмүрү кыйылганы белгиленди.

Санкцияга илинген адамдар менен ишканалар эгер АКШда активдери бар болсо, анын баары «тоңдурулат», америкалыктарга алар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат. (RK)

XS
SM
MD
LG