Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Бекназаровдун адвокаты саясатчынын кармалышы боюнча билдирүү таратты


Азимбек Бекназаров сотто.
Азимбек Бекназаров сотто.

2010-жылкы апрелдеги окуялар боюнча айыпталып, камакка алынган Азимбек Бекназаровдун адвокаты саясатчы камакта мыйзамсыз кармалып турганын билдирүүдө.

Адвокат Айбек Турдуев 18-октябрда тараткан билдирүүдө 2010-жылдын май айында тергөө тарабынан уячалардан алынган акчаны Убактылуу өкмөттүн бөлүштүрүү, иштетүү жөнүндөгү коллегиалдуу чечими боюнча Азимбек Бекназаров жалгыз камалып отурганы тууралуу айтылат.

Мөөнөтү эскирген кылмыш иши кыскарууга тийиш болсо да, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, эскирген кылмыш иши боюнча адамды кармап, камоого тыюу салынса да, бүгүнкү күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен бул мыйзам жалгыз Азимбек Бекназаровго гана колдонулбай жатканын белгиленген.

Адвокат Бекназаров айыпталып жаткан беренедеги кылмыш эксперттин, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары ж.б. документтер менен тастыкталбаса, олуттуу зыяндын же мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болсо кылмыш иш козгоодон баш тартылууга тийиштигин белгилөөдө. Ошондой эле саясатчынын иши боюнча андай документтер 14 жылдан бери жоктугун эскерткен.


Адвокат Турдуев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 2010-жылдын май айындагы телефондогу сүйлөшүүсү мыйзамсыз же соттун чыгарган чечимисиз угулуп, жаздырылганын, монтаждалганын айтууда. Бул сүйлөшүүнүн тараганы боюнча 2010-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, анда Бекназаров жабырлануучу деп табылганы, бул иш алигүнчө күчүндө турганын кошумчалаган.

Билдирүүдө ошондой эле Азимбек Бекназаров өзүнүн Конституциялык укуктары бузулуп, мыйзамсыз камалганы боюнча президентке, Башкы прокурорго, тийиштүү сотторго кайрылганын, жыйынтык чыкпаса адам укуктары боюнча Эл аралык органдарга кайрылганга мажбур болору тууралуу жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.

Саясатчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал өзүнүн кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын сотто билдирген.

Саясатчы сентябрь айында абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG