Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Сузакта 40 жаштагы жаранды балдызы өлтүрүп алган


Сузак районундагы Таран-Базар айылынын 40 жаштагы жаранын 21 жаштагы балдызы бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Бычакталган жаран окуя болгон жерде жан берген.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 16-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын тез жардам кызматы ооруканага бычактан жараат алган адам түшкөнүн милицияга кабарлаган.


Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган Р.К. аттуу тургунун бир тууган балдызы - 2003-жылы туулган К.кызы Н. (Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну) аш бычак менен бир нече жолу сайып жибергендиктен каза болуп калганы аныкталган.

Жалал-Абад шаардык милициясы бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен каттап, кылмыш иши козголгон. Далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмыш ишине шектүү катары 2003-жылы туулган К. Кызы Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Шектүүнүн адвокаты жана жакындары бул иш боюнча комментарий бере элек.

Азырынча окуянын себеби же башка чоо-жайы тууралуу маалымат чыга элек. (TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG