Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

КЛООПтун негиздөөчүсү президент Жапаровго кайрылды


Ринат Тухватшин.
Ринат Тухватшин.

КЛООПтун негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Медианын Ютуб-баракчасына 17-октябрда жарыяланган видео-кайрылууда президент Жапаровдун "Клооп Медиа" коомдук фондун жапкан сот чечими тууралуу "Кабар" агенттигине курган маегинде айткандарына "жооп берген".

Кайрылууда "Сиз Кыргызстан өтө узак убакыт "анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганын" айттыңыз. Мындан тышкары, сиз "Клооп" сапаты төмөн журналистика менен алектенет дегенди кыйытып, басылманын иликтөөлөрү бир тараптуу, кимдир бирөөнү каралоо максатында жасалган дедиңиз. Бул дооматтар биз ар дайым таянып келген нерселерге — фактыларга жана далилдерге негизделген түз жоопту талап кылат", - деп жазылган анда.

Кайрылуу ээси "Клооп" жогорку деңгээлдеги журналистиканын стандарттарын карманганы үчүн эл аралык деңгээлде таанылганын, жүргүзгөн иликтөөлөрү көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татып келе жатканын белгилеген. Анын ичинде OCCRP жана "Азаттык" менен бирге Матраимовдун кылмыштарын Кыргызстандын бийлигинен мурда иликтегенин айтып кеткен.

"Клооп Медиа" фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган сот жараянында КЛООПтун материалдары Кыргызстандын жарандарына психологиялык зыян келтирип жатканы негизги доомат катары колдонулганы белгиленип, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мындай айыптоолор юридикалык жакты жоюу үчүн негиз болуп эсептелбеси көрсөтүлгөн.

Басылманын негиздөөчүсү президент Садыр Жапаровдун бир кезде оппозицияда жүргөн учурунда куугунтукка алынып, Польшадан башкалка издегенин мисал келтирген. Эжеси Райкүл Жапарованын ошол убакта "Клоопко" курган маегинен үзүндү берилген.

"Тагдырдын тамашасын караңыз: кезинде сиздин үй-бүлөңүз Польшада башкалка издесе, азыр биздин юридикалык тараптардын бири ошол өлкөдө жайгашкан жана ишибиздин коопсуздугун камсыз кылууда. Биздин ишибиздин бир бөлүгү сиздин жетекчилик алдында чектелип жаткан эркиндиктерди чагылдырууда турат. Өз маегиңизде сиз соттордун "Клооп Медианы" жабуу чечими мыйзамдуу экенин айтып жатасыз. Бирок эгер сотторду көз карандысыз ЖМКларды жабуу үчүн колдонууга мүмкүн болсо, анда сиз таянып жаткан укуктук система адилеттүүлүккө кызмат кылбайт. Ал так эле сиз камакка алынгандагыдай эле күчтүүлөргө кызмат кылат. Соттор далилдерди көз жаздымда калтырып, акылга сыйбаган айыптоолорду кабыл алып, базалык сөз эркиндигин коргобосо, Кыргызстандын эли алардын адилеттүүлүгүнө кантип ишенет?", - деп суроо койгон Тухватшин.

16-июлда Жогорку соттун коллегиясы "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо өкүмү өзгөрүүсүз калтырылганы 29-августта белгилүү болгон.

"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтып, "эч нерсеге карабай иштей беребиз" деген.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган.

Министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “Фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” сот чечимдерине макул эмес экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айткан.

“Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деген президент.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG