Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясы кечээ күнү Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пан Ги Мунду уюмдун баш катчысы кылып бекитти, жаңы кызматка ал 1-январдан тартып киришет. Алтымыш экидеги Пан Сеул университетин бүтүрүп, андан кийин АКШнын Гарвард университетинде окуган, андан соң такай дипломатиялык кызматта иштеп, Түштүк Кореянын Бириккен Улуттардагы өкүлү, Австриядагы элчи, 2004-жылдан бери министр болгон. Бириккен Улуттардын тарыхында ал сегизинчи баш катчы.