Россия Черногорияны көз карандысыз өлкө катары расмий тааныды. Москва Черногорияга дипломатиялык мамилерди түзүү жана Москва менен Подгорицада элчиликтерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылды. Черногориянын парламенти 3-июнда референдумдун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган.