Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Жалалабад облусунда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү кармалды


ЖАЛАЛАБАТ. Аксы районунда Борбор Азияда Ислам халифатын курууга чакырган беш баракча жана бир топ диний адабияттар менен Хизб-ут-тахрир партиясынын өкүлү кармалды. Ал аталган уюмдун үгүт барактары менен мурда да колго түшүп, эскертүү алган. Эскертүүдөн кийин да ишмердүүлүгүн токтотпогон кишиге кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Облуста жыл башынан бери жашыруун партиянын тогуз мүчөсү кармалган.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 27-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23 градус.
Таласта түнкүсүн 0...+5, күндүз +17...+22 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...+4, градус, күндүз +10...+15.
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +7...+12 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +20...+22 градус.

Аманбек Жапаров.

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG