Аны өзү туулган Пожаревац шаарындагы көрүстөнгө коюшат. Таажияга Милошевичтин аялы жана уулу катышпайт. Серб бийликтери алардын коопсуздугун кепилдей алган жок, деп билдирди социалисттик партиянын жетекчилиги. Милошевич 11-мартта Гаагадагы трибуналдын түрмөсүндө жүрөк талмасынан каза болгон. Токсикологиялык комиссия анын денесинен эч кандай уулуу зат табылбагандыгын кечээ тастыктады.