Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Кыргызстан менен Казахстанга газ ташыган куурлар оңдолуп жаңыланат.


"КырКазГаз" кыргыз-казак биргелешкен ишканасы Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы газ куурун оңдоп жаңылап чыгуу үчүн Россиядан 500 тонна жогорку сапаттагы түтүктөрдү сатып алганын билдирди. Жаңы түтүктөр он төрт вагонго жүктөлүп 3-январда Кыргызстандын Шопоково станциясына келип түштү. Түтүктөр Россиянын түтүк чыгарган ири заводдорунун продукциясын сатып өткөрүүгө адистешкен "Трубная металлургическая Компания" деп аталган ишканадан сатылып алынды. Келип түшкөн товардын наркы 700 миң долларга барабар.
Сатылып келген түтүктөр Өзбекстан аймагынан Алматыга чейинки созулган газ куурунун 1074 – 1099километрдеги участкасын оңдоп жаңылоого керектелет. Бул участкадагы газ түтүктөрү 2000-жылы кырсыктан улам иштетилбей турган. Түтүктөр оңдолуп жаңылангандан кийин кыш мезгилинде Кыргызстан менен Казахстанга көгүлтүр отунду туруктуу ташууга жана анын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болот.
"КырКазГаз" Казахстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаш мамилелер жөнүндө келишимге ылайык 2004-жылы 25 мартта түзүлгөн. Анны «Кыргызгаз» АК менен «Казтрансгаз» АК бирдей укукта уюштурган.

XS
SM
MD
LG