Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Aйдаркен чек ара бөлүгүнө «Жети баатыр» деген ат берилди


БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Кулов кол койгон токтомго ылайык, Баткен облусундагы Айдаркен чек ара бөлүгү мындан ары «Жети баатыр» атындагы Айдаркен чек ара бөлүгү деп аталат. Токтом 1999-жылдагы Баткен окуясынын учурунда Кадамжай районундагы Сырт айылынын жанындагы кагылышууда курман болгон жети жоокердин ысмын кылымдарга калтыруу, жаш муунду аскердик-патриоттуукка тарбиялоо максатында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 28-декабрда кабарлашты.

1999-жылдын 18-сентябрына караган түнү «Сырт» блокпостун кайтарган 20 чакты кыргыз жоокерлерине эл аралык террорчулар кол салып, кагылышууда согушкерлердин бир тобу жок кылынган. Төрт саатка созулган бул кагылышууда кыргыз тарап Таирбек Аркабаев, Алижан Доминов, Замирбек Кочкорбаев, Данияр Намазбеков, Абдрасул Рахматтуллаев, Куштарбек Саматов жана Мелис Төрөбеков аттуу жети жоокеринен ажыраган.

XS
SM
MD
LG