Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

14 кг баңгизат кармалды


ОШ. Ош-Бишкек жолунда бара жаткан шектүү деп болжолдонгон эки автоунааны текшерүү учурунда биринен 4 кг. 470 грамм, экинчисинен 9 кг. 530 грамм маңзаты табылган. Атайын оперативдүү текшерүүдөн өткөрүүдө аталган баңгизаты ооган өндүрүшүнөн даярдалгандыгы тастыкталган. Баардыгын кошкондо 19 килограммды түзөт. Аны ташып бара жатышкандар Ош шаарынын эки тургуну болгон. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери бул боюнча кылмыш иши козголуп, маңзатын ташууну уюштурган жана буюртма берген тараптар да учурда иликтөөгө алынып жаткандыгын билдиришти.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 24-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +9...+14 градус жылуу.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +9...+14 градус жылуу болот.
Көл кылаасында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
Бийик тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -21...-26, күндүз -7...-12 градус суук.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...+2, күндүз +13...+15 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG