Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Президент ишкерлер менен жолукту


БИШКЕК. 16-декабрда президент Курманбек Бакиев ишкерлер менен жолугуп, анда алардын конституциялык реформага карата көз карашы, ишкерлер тармагындагы айрым маселелер боюнча сөз болду. Ишкерлер баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду талкуулоого жигердүү катышып жаткандыгын белгилешти. Ишкер Өмүрбек Абдрахманов өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасына байланыштуу 2010-жылдан тарта Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүшү абзел деген пикирин ортого салды. Ал эми президент бул ирет Конституциянын долбоорун талкуулоого эл чыныгы катышып жаткандыгын, ошондуктан, долбоорду талкуулоо мөөнөтүн узартуунун зарылдыгы жөнүндө айтты. Жолугушууда ошондой эле мындан ары ишкерликти өнүктүрүү, тармактагы бюрократиялык, коррупциялык тоскоолдуктарды жойуу багытындагы иштер өкмөт менен ишкерлердин биргелешкен аракеттери менен жургүзүлө тургандыгы жөнүндө сүйлөшүлдү.

XS
SM
MD
LG