Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Иран бүгүн аза күтүүдө


Кечээ аскерий учак башкалаа Тегерандын түштүгүндө 10 кабаттуу үйдүн үстүнө кулап, натыйжада анын бортундагы 94 жүргүнчү жана жерден 22 киши каза тапты. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлгү Ирандын Перси булуңундагы аскерий машыгууларын чагылдыруу үчүн бара жаткан журналисттер менен техникалык кызматкерлер болчу. Америкада жасалган С-130 үлгүсүндөгү учактын кыйроосунун ыктымал себеби катары кыймылдаткычынын иштей калгандыгы айтылууда. Кабарларга караганда, Иран кырсыкка кабылган учакты АКШдан 1978-жылкы Ислам революциясына чейин алган болушу мүмкүн. Евробиримдиктин атынан Иранга уюмдун учурдагы төрагасы Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG