Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Гонконгдо демократиялык рефомаларды талап кылган демонстрация өттү


Ага 250 миңдей адам катышты. Бул быйыл июнь айында Гонкогдун башчылыгына Дональд Цанг келгенден берки эң ири нааразылык акциясы катары бааланууда. Жалаң кара кийинген оң миңдеген адамдар жакында шаар бийликтери сунуш кылган саясий реформалардын долбоорун айыпташып, тикелей шайлоо өткөрүү чакырыктары менен чыгышты. Учурдагы мыйзамга ылайык, Гонконгдун аткаруу бийлигинин башчысын Пекин дайындап, аны 800 адамдан турган атайын шайлоо комитети бекитет. Гонконгдун алтымыш орундуу парламент мүчөлөрүнүн жарымы гана тикелей шайланат. Гонконг Британиядан Кытайдын юрисдикциясына мындан 8 жыл мурда өткөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG