Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Ош шаарында жекече үй куруучуларды колдоо боюнча коомдук фонд түзүлдү


ОШ. Ош шаарында жекече үй куруучуларды колдоо боюнча коомдук фонд түзүлдү. Аталган коомдук уюмдун уюштуруучуларынын бири Максат Матисаков жаңыдан турак-жай куруу үчүн жер участокторун алган адамдарга жардам берүү жана алардын социалдык маселелерин жөнгө салуу максатында үй куруучулардын коомдук фонду түзүлгөндүгүн кабарлады. Жаңыдан түзүлгөн коомдук фонддун маалыматына караганда учурда шаар боюнча 700гө жакын үй-бүлө жер участокторуна ээ болушту. Бирок аталган жер участоктору шаардын Онадыр, Калинин, Кеңеш сыяктуу электр жарыгы, таза суу, газ жана башка социалдык объектилер түшүп калыптана элек аймактардан берилген. Мына ошондуктан жогоруда аталган коомдук фонддун уюштуруучулары эл аралык уюмдарга гранттык долбоорлорду жазуу, жергиликтүү жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн алдында үй куруучулардын социалдык маселелерин чечүү багытында алардын кызыкчылыгын коргой тургандыктарын билдиришти. Үй куруучулардын коомдук корунун ачылыш аземине 300дөн ашуу шаар тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты

XS
SM
MD
LG