Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Иран уран байытууну уланта берет


Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамид Реза Азефи Тегеран тынчтык максаттарында уранды байытуунун үстүнөн иштөөнү уланта берет, деп билдирди. Бейшембиде Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттик Россияга Ирандын ядролук программасына байланышкан кризисти дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берип, Тегерандын ишин Коопсуздук кеңешине өткөрүп бербөөнү чечкен. Москванын сунушу боюнча Россия Ирандын ордуна уранды байытып турат. Бирок Тегеран бул сунушту четке какты. АКШ жана Европа Биримдиги ислам жумурияты атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп айыптоодо. Тегеран болсо андай шектенүүлөрдү четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG