Палестинанын Газа секторунан Египетке палестин тургундары 26-ноябрдан тарта эркин өтө баштады. Чек ара өткөрмөсүн палестин күчтөрү көзөмөлдөөдө. Чек араны ачуу аземине жума күнү катышкан Европа Биримдигинин өкүлү Марк Отте Биримдик бул ишке салымын кошконуна ыраазы экенин билдирди. Палестин-Египет чек арасынын ачылышы Израилдин Газадан аскерин чыгаруусунан кийин мүмкүн болду.