БАТКЕН. Баткен районуна караштуу Төрткүл айыл өкмөтүнүн жетимиштен ашуун тургундары Бүргөндү конушунда жайгашкан Өзбекстандын “Сохнефтегаз” ишканасын кыргыз чегинен газ алуусун токтотуп, чыгып кетүүсүн талап кылып барышты. Мындай нааразычылыкка Зарташ айылында жайгашкан №127 газ кудугундагы техникалык бузулуунун кесепетинен беш айдан бери Төрткүл айыл өкмөтүнүн Зарташ, Чонгара, Актурпак жана Акөтөк айылндарына газ берилбей келгени негиз болду. Бул тууралуу облустук администрациянын укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев 22-ноябрда Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, Баткен облус бийлик өкүлдөрү менен “Сохнефтегаз” ишканасынын башчысы Расул Мойдуновдун жолугушуусу болуп, Өзбекстандын газ өндүрүүчү ишканасы бир жуманын ичинде Зарташ айылындагы №127 газ кудугун оңдоп, кыргыз айылдарына көгүлтүр отунду кайрадан бере турган болушту. Кыргызстандын Бүргөндү аймагында Өзбекстандын үч газ сакталуучу ишканасы жайгашкан.
Баткен облусунун тургундары Өзбек тараптын Кыргызстандан газ алуусун токтотуусун талап кылышты