Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Кофи Аннандын айтымында, Сирия эл аралык тергөөчүлөр менен кызматташат


Ирактан кийин кошуна Кувейтке келген Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн өлкөнүн "Куна" маалымат агенттигине интервью берип, Бириккен Улуттар жүргүзүп жаткан тергөө менен Сирия президенти Башар Ассад кызматташаарына ал ишенгенин билдирди. Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Бейрут шаарында өлтүрүлгөн жана тергөө көрсөткөндөй, аны уюштурууга Сириянын коопсуздук кызматы катышкан. Бирок президент Ассад 9-ноябрда билдиргенге караганда, андай маалыматтар - Сирияга саясий басым жасоо максатында таратылып жатат.

XS
SM
MD
LG