Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:48

ГУБЕРНАТОРЛОРГО КИМ МАКУЛДУК БЕРЕТ?


Жогорку Кеңеш 11-ноябрдагы отурумунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» президент сунуштаган долбоорду колдобой койду. Муну төрага долбоордун кыргыз тилиндеги нускасы жок экендиги менен түшүндүрдү. Бирок иш жүзүндө долбоор сессияда кескин сынга кабылды.

Кош палаталуу Жогорку Кеңештин мезгилинде райондук жана облустук кеңештерди жоюуну кепилдеген мыйзам кабыл алынган. Ошондуктан, учурда жергиликтүү бийлик башчыларына макулдук берүүчү эл өкүлдөрү жок болуп, акимдер жана губернаторлор элдин колдоосун ала элек жетекчилер катары саналууда. Ушул өксүктү толтуруу максатын көздөгөн бул мыйзам долбоору тууралуу президенттин атынан парламентке келген юстиция министри Марат Кайыпов буларга токтолду:

- Президенттин сунушу боюнча бюджет каражатын үнөмдөө негизи менен, ошондой эле айылдык депутаттар, облуска, районго өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жөнөтсө, жерине, элине жакын болот, муктаждыктарын билет деген максат менен, айыл кеңештин депутаттарынын ичинен районго жана облуска өкүлдөрүн, мисалы ар бир айылдан үч депутатты районго, ал эми облуска ар бир райондук кеңештен бештен депутатты жашыруун жол менен шайлап, ушул эки деңгээлдеги жергиликтүү кеңештин курамын түзөлү дешкен.

Бирок парламентте министр Кайыпов белгилеген мындай долбоор талашка түштү. Султан Урманаев, Сооронбай Жээнбеков өңдүү депутаттар мындай мыйзам долбоору баш мыйзамга каршы келет деп санашты:

- Легитимдүүлүгү кандай болот? Айылдык кеңешке депутат болуп шайланып алып, анан мисалы 15 депутаттын бешөө же үчөө облуска барса? Конституция деле жазып атпайбы, бир депутат эки жерде депутат болгонго болбойт деп. Биз туура деп туруп, башка жактан ката кетирип жатабыз. Кантип облустук, райондук маанидеги айылдык кеңештин депутаты болот? Мен түшүнбөйм. Кандай логика бар бул жерде?

Депутат Султан Урманаев юстиция министрине багыттап, парламентте ушундай маселени көтөрдү.

Баш мыйзамда атуулдар тике жана жалпы шайлоого катышат деп айтылган. Бирок Кайыпов парламентте райондук, шаардык кеңешке шайлоо жөнүндө конкреттүү жобо көрсөтүлбөгөндүгүн, ошондуктан, облустук, райондук кеңештеги өкүлдөр жергиликтүү кеңешке тике шайлангандар катары саналып каларын белгиледи.

Депутаттар болсо маселенин жергиликтүү бийлик башчыларына макулдук берүү жагын козгошту, эл өкүлдөрү губернатор менен акимдин чөнтөк депутаттарына айланып каларын эскертишти. Бул маселеге өзүнүн көз карашын төрага Өмүрбек Текебаев төмөнкүдөй билдирди:

- Мына мен кечээ округга барып келдим. Базаркоргондо акимдер ар бир айылдан үчтөн адамды шайлап коюптур, ушуну шайлайсыңар деп. Ошону шайлатып коюп, өзү аким болуп калат экен дежурныйлар. Ошондуктан, ушул мыйзамды күтүп отурушат. Ошондуктан, мен ойлойм, революция болдубу, эл чечиш керек же депутаттардын баары барып шайлашы керек.

Текебаевдин пикиринде, мурдагы парламент кабыл алган мыйзамда макулдук берүүгө депутаттардын өкүлдөрү эмес, тике шайланган депутаттардын бардыгы катышары тууралуу айтылган.

Мыйзамды тез кабыл алуу зарыл деп эсептеген депутат Жантөрө Сатыбалдиевдин оюнда, мурдагы парламентте райондук, облустук кеңештерди жоюу принципти бузуп койгон. Анын оюнда маселени түбүнөн чечүү үчүн адегенде административдик-аймактык реформа керек болчу.

- Эртең мына айыл өкмөттөрүндө шайлоолор болуп атат. Ошондуктан, бу маселени тез аранын ичинде караш керек.

Бул мыйзамды колдоорун, парламенттен өтпөй калат деген кооптонуу менен гана өз укугунан пайдаланып, долбоорду кайра кароого жөнөткөнүн акырында төрага Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Биз эми жөнөттүк. Эстери болсо өзгөртүп, депутаттардын пикирин эске алышар. Буларды угуш керек. Урматтуу президенттин өкүлдөрү, депутаттар бул жөнүндө төрт жолу чечим кабыл алган. Силер кол койбой коебуз деп туруп эле өзүңөрдүкүн кайра-кайра түртүп өткөрүп атасыңар. Ал заман өткөн. Депутаттар азыр өз алдынча күч.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG