Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

”Эркиндик” партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча кол топтоону улантууда


ЖАЛАЛАБАТ. Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча референдум өткөрүү боюнча партиянын демилгесин облустун 85 миң жараны кол коюу менен кубаттап чыкты. Мындай маалымат 4-ноябрда партиянын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдон алынды. Мойдун Мамажановдун билдирүүсүнө ылайык, Базаркоргон, Аксы, Алабука, Чаткал, Ноокен райондорунан 25 миңден кол жыйналды. Башка аймактарда да кол топтоо өнөктүгү улантылууда. Мындай иш чарага бөлүмдөгү облустук демилге тобунун 127 мүчөсү, ар бир шаар, райондордон 17ден адам катышууда. “Эркиндик” партиясынын референдум өткөрүү жөнүндөгү демилгесин колдогондор да жок эмес. Алабука районундагы Аккоргон айыл өкмөтүнүн башчысы жыйналган колду күбөлөндүрүү үчүн өкмөттүн мөөрүн баспай койгон. Саясий уюмдун облустук бөлүмү аталган айыл өкмөттүн башчысын сотко берээрин алдын ала эскертти. Райондордо кол топтоолорго тымызын каршылык көрсөтүүлөр жок эмес. Облустук бөлүм айыл өкмөт шайлоосун көзөмөлдөө үчүн 400 байкоочу даярдаарын жана партиянын атынан талапкерлерди көрсөтөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG