Индиянын Кашмир штатында да жардыруу болуп, андан беш киши каза таап, бир нечеси жарадар болду. Бомба салынган жеңил автоунаадагы жан кечти полиция имаратына жакындап келип, жардырууну жасаган. Бул иш Кашмир полициясынын жаңы башчысы Наби Азаддын ишке киришүү аземи башталаар алдында жасалды.