Германиянын парламенттик шайлоодо жеңишке жетише албай калган Христиан-демократиялык жана Социал-демократиялык партияларынын лидерлери Ангела Меркел менен Герхард Шрөдер бүгүн сүйлөшүү жүргүзүп, саясий кризистен чыгуу жолдорун талкуулоону улантат. Ал тууралуу Шрөдер:“Биз партиянын жетекчилик деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, парламент менен өкмөттө чоң коалиция түзүү маселесин талкуулоо чечимине келдик” – деп билдирди. Эки партиянын лидери тең канцлер болууга аракеттенип жатышат. Анткени, алар топтогон добуштардын айырмасы аз.