Бул Курманбек Бакиев президент болуп шайлангандан кийинки эки жетекчинин алгачкы бетме-бет жолугушуусу болду. Анда ачыкталган негизги маселе – Конституциялык кеңешменин төрагалыгы Курманбек Бакиевге сунушталып, сунуш кабылданды. Муну Конституциялык кеңешмени буга чейин башкарып келген Парламент спикери Өмүрбек Текебаев мындайча түшүндүрдү:
- Эки ай мурун эле акыркы жыйындардын биринде Кыргызстанда президент болгон күндөн баштап ал Конституциялык реформанын ишине активдүү катышышы керек жана ал Конституциялык кеңешменин ишине жетекчилик кылыш керек дегенге жыйында парламент макул болуп, мына ушундай формалдуу эмес чечим кабыл алган.
Буга чейин коомчулукта Конституциялык кеңешменин айланасында талаш-тартыштуу пикирлер айтылып, бул Курманбек Бакиев менен Өмүрбек Текебаевдин салкын мамилеси менен байланыштырылып келаткан. Ушул эле күнү президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев тараптар жолугушууда бир пикирге келишти жана президент Конституциялык кеңешменин буга чейин аткарган ишине оң баа берди, деп билдирди:
- Жолугушууда Өмүрбек Чиркешевич айткан сунушка (президент) макул болду. Жалпысынан ыраазычылык билдирди. Себеби, парламентибиздин сунуштары туура болуп атат. Президентибизге жардамдашалы деген эле ой менен сунуштар болуп атат. Ошондуктан (президент) туура болот эле, жаңыдан баштабастан, азыркы Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду улантып эле, жакшыртып эле бүтүрсөк деген ойдо.
Данияр Нарынбаев президент менен парламенттин ортосунда пикир келишпестик жок дейт. Ал эми Конституциялык кеңешменин учурдагы төрагасы Текебаев Конституциялык реформага байланыштуу жасалган жаңы кадамды, төрагалыкты президенттин колуна берүүнү элдин кызыкчылыгына, мыйзамга төп келген жалгыз жол деп эсептейт:
- Президент – бул каалайбызбы, каалабайбызбы, саясий күч. Кыргызстанда реалдуу саясат өзгөрдү. Бирок бул деген сиз эмне десеңиз “хоп-майли, сиздики туура” деп отуруп алат дегенге жатпайт. Биз өзүбүздүн позициябызды ал жерде талашып, так ошондой өткөргөнгө аракет кылабыз. Эгер өзүбүздүн күчүбүз жетпей атса, коомчулукка, элдик пикирге кайрылып, президентке таасир эткенге аракет кылабыз.
Муну спикер жеке саясий амбициядан элдин кызыкчылыгын жогору коюу принциби катары санайт. Бирок Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн, жарандык коомдун арасында төраганын жана анын мүчөлөрүнүн алмашышы бийлик бутактарынын ортосундагы бийлик бөлүштүрүүгө таасир этет деген көз караштар аз болгон жери жок. Муну төрагалыкты президентке өткөрүп берип жаткан Текебаев да жокко чыгарбайт.
Мындай пикирди колдобогон мүчөлөрдүн бири, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Курманбек Бакиев президенттик укуктарды кеңейтүүгө экс-президент Аскар Акаев сымал батыл аракеттенип кирише албайт дейт. Жарандык коом лидеринин оюнда, буга Бакиевдин президенттикке талапкер кезинде Конституциянын долбоорун өзгөртпөй тургандыгын кепилдеп, парламент аркылуу элге берген убадасы жол бербейт. Ал эми президенттин өкүлү Бакиев мурдагы мамлекет башчынын катачылыгын кайталабай тургандыгын белгиледи. Бирок анын пикиринде, долбоор кошумча иштөөгө муктаж:
- Азыр жакшы долбоор деп эч ким айта албайт. Экинчи этабында президенттин башкаруусунда Конституциялык кеңешме өз кызматын улантып жана элден келип жаткан сунуш-пикирлердин баарын анализдеп, иликтеп чыгып туруп, анан тийиштүү өзгөртүүлөрдү азыркы долбоорго киргизмекчи.