Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:38

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күчү очогунда 3,5 баллдык силкинүү 20-ноябрда саат 10:10до кыргыз-тажик чек арасында катталганын Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүктү көздөй 70 чакырым, ал эми Коргон айылынан түштүк-батышты көздөй 28 чакырым аралыкта катталды.

Коргон айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү.

Октябрь айында Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жер бир нече ирет силкинди. Анын ичинде 21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG