Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

УКМК Ташиевге кол салууну пландаган адам кармалганын билдирди


Кармалган шектүү. УКМКнын сүрөтү.
Кармалган шектүү. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын билдирди.

Атайын кызмат ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин, шектүү 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагынан кармалганын кабарлады.

“Руслан Дүйшеев Камчыбек Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ошондой эле, колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Руслан Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Руслан Дүйшеевге “уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан” деген айып тагылып УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашынып жүргөн башка да мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Шектүүнүн жакындары же адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Быйыл 23-мартта УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында атайын кызмат трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.

Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.

Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта үч бир тууганы менен бирге Азербайжандын борбору Бакуда кармалып, Бишкекке алып келинген. Кийин бардыгы тең эркиндикке чыкты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG