Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Ооган жана тажик активисттери эл аралык укук сыйлыктарына татыды


Жоля Парси.
Жоля Парси.

Кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн ооганстандык активисттер жана тажикстандык адвокат эл аралык сыйлыктарга татыды. Бул тууралуу 19-ноябрда жарыяланды.

Ооганстандык активист аял Жоля Парси жана азыркы тапта абакта отурган тажикстандык адвокат, активист Манучехр Холикназаров эл аралык Мартин Энналс сыйлыгынын лауреаты аталышты. Бул сыйлыкты адам укуктары боюнча Нобель премиясы деп да атап коюшат. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 21-ноябрда Женевада өтөт. Калыстар тобуна Amnesty International, Human Rights Watch сыяктуу абройлуу уюмдардын 10 өкүлү кирген.

Канадада жашаган ооган кызы Нила Ибрагими мекениндеги кыздардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн балдардын эл аралык Тынчтык сыйлыгына татыды.

Кабулдук мугалим Парси 2021-жылы бийликке талибдер кайткандан кийин алардын кыз-келиндерге карата саясатына каршы кыймыл түзгөн. Бүгүнкү күндө анын катарында 180дей активист мүчөсү бар. Парсини 2023-жылы көчөдө уулу менен кетип бараткан жеринен куралчан кишилер кол салып, кармап кетишкен. Абактагы кыйноо жына ырайымсыз мамиледен ал үч айдан кийин бошонуп чыга алган.

Тажикстандык юрист, Памирлик юристтер ассоциациясынын директору Холикназаров 2022-жылы Жогорку соттун чечими менен 16 жылга кесилген бойдон түрмөдө отурат. Бийлик ага "экстремисттик, тыюу салынган уюмдун ишине аралашкан" деген айып таккан. Өзү мындай кинени четке каккан. Адвокат жетектеген ассоциация Тажикстандын Тоолуу Бадакшан аймагындагы саналуу гана жарандык коом уюмдарынын бири. Өлкөнүн чыгышындагы 250 миңдей адам жашаган бул бийик тоолуу аймактын калкынын көбү этникалык памирликтер, алар памир тилдеринде сүйлөшөт.

Ибрагими 2021-жылы бийликке "Талибан" кайтып баргандан кийин Ооганстандан ата-энеси менен адегенде Пакистанга качып барган, кийин Канадага барып жайгашкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG