Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Сауд Арабиянын падышасы Фахд дүйнөдөн кайтты


Сауд Арабиянын маалымат каражаттары бүгүн билдиргенге караганда, падыша Фахд ибн Абдель Азиз ал-Сауд дүйнөдөн кайтты. 1923-жылы туулган Фахд падышалыкка 1982-жылы келген жана көп жылдан бери оорулуу болчу. 1995-жылы Фахддын мээсине кан куюлгандан бери мамлекетти анын бир тууганы ханзада Абдалла башкарган жана бүгүн ал падыша болуп жарыяланды. Анын ордуна болсо коргоо министри Султан ханзада болду.

Саудиянын Улуу Британиядагы элчиси Турки ал-Файсалдын айтымында, падыша Фахд өлкө тарыхында орчундуу из калтырды:

- Жыйырма үч жылга дейре өлкөнү башкарган падыша Фахд Сауд Арабиянын тышкы жана ички сясатында из калтырды.

Сауди падышасынын кайтыш болгону тууралуу кабар тарагандан кийин, дүйнөлүк биржалардагы мунайдын баасы көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG