Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:38

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: “ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ ОРТОСУНДА ТИРЕШҮҮ ЖОК”


Кыргызстанда президенттик шайлоого тоскоол кылуучу саясий күчтөр жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Жыйын Жогорку Кеңештин өткөн үч ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча маалымат берүү максатында уюштурулду.

Төрага Өмүрбек Текебаевдин айтымында, март окуясынан кийин ишке киришкен жаңы Жогорку Кеңеш өлкөдө саясий, экономикалык стабилдүүлүктү шарттаган кадамдарды жасады.

Саясий кырдаалды турукташтыруу багытында 20 чамалаш токтом кабыл алды. Алардын кыйласы Жогорку соттун айланасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кабыл алынган.

Бирок төрага Жогорку Кеңеш ишин Курманбек Бакиевди премьер-министрликке дайындоо, Аскар Акаевдин отставкасын кабыл алуу, президенттик шайлоону мыйзамга ылайык белгилөө өңдүү чечимдерди кабыл алуудан баштоо менен, кырдаалды турукташтырууга жол ачты дейт.

Текебаевдин пикиринде, парламент өлкөнү тезирээк турукташтырууга салым кошуу үчүн бардык саясий күчтөр менен компромисске барды.

Анткен менен, парламентте «акаевчил» депутаттар үстөмдүк кылат деп санаган кыйла саясий күчтөр Жогорку Кеңешти контрреволюциянын уюткусу катары сыпаттап, парламентти таратуу зарылдыгын белгилеп келатышат. Төрага мындай пикирге кошулбайт:

- "Контрреволюциянын уюгу" дегенге мен макул эмесмин. Революциянын жыйынтыгын мыйзамдаштырып, Конституциялык нормага киргизип коюу боюнча парламент тарыхый чечим кабыл алды. Революция – бул "Асандын ордуна Үсөн келди" дегенди билдирбейт. Коомдук мамилелелер, бийлик мамилелери өзгөрүшү керек. Бул боюнча парламент өзүнүн чечимин кабыл алган. Ал боюнча Конституциялык кеңешме түзүлүп, өзүнүн көз карашын коомдук талкууга алып чыкты.

Төрага ошондой эле парламентти таратууга эч кандай негиз жок дейт.

Парламент таратылбай тургандыгын буга чейин аткаруу бийлигинин бийик өкүлдөрү бир нече ирет билдирген. Анткен менен, парламент менен өкмөттүн ыркы келишпей жаткандыгы тууралуу пикир коомчулукта кеңири айтылып келатат.

Өмүрбек Текебаев болсо парламентти жактырбаган айрым саясат таануучулар өкмөт менен парламенттин ортосундагы ишкер мамилени атайылап пикир келишпестик катары сыпаттап жатышат дейт:

- Конфронтация жок, конструктивдүү диалог, иш бар. Биз депутаттар шайлоочулардын проблемаларын чечүү үчүн шайланганбыз. Биз өкмөттөн суранып отурабыз деп келген эмеспиз. Биз өкмөт билбесе үйрөтөбүз, мыйзам кабыл алабыз деп шайланганбыз. Ошондуктан, өкмөт 20 мыйзам долбоорун киргизсе, депутаттар 50 мыйзам долбоорун киргизди үч ай ичинде. Президент тарабынан 3 мыйзам келди.

Парламент менен өкмөт ортосундагы пикир келишпестикти вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок аны өтө курчутуп ийүүгө болбойт дейт:

- Кадырэсе көрүнүш. Бирок аны саясий деңгээлге көтөрүп, өтө жогорулатып, кырдаалды курчутуп жибергенге чейин барбашы керек, парламент тарабынан дагы, өкмөт тарабынан дагы.

Ал эми экс-министр, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиевге парламенттин сынчыл позициясы жагат, бирок жеке кызыкчылык саясатка айланбашы керек:

- Өкмөттүн жасап аткан иштерин сындоодон өткөрүп жатканы мага жагат. Бирок бир эле маселелер бар. Бул – жеке кызыкчылык, жеке мамилелелерди саясатка айландырып кетип жатат. Ушул жакпай атат.

Талдоочулар арасында парламент менен өкмөттүн ортосундагы чыңалууга Текебаев менен К.Бакиевдин пикир келишпестиги себепкер деп эсептегендер да бар. Муну спикер өзү да жокко чыгарбайт:

- Примитивдүү ушундай ойлор айтылып жүрөт. Ал ойду бөлүшкөн депутаттар да парламентте бар.

Ал өкмөт менен парламент ортосунда конструктивдүү кызматташтык уланаарына, алдыдагы президенттик шайлоо (эгер добуш берүүгө шайлоочулар жетиштүү келип берсе) саясий тоскоолдуктарсыз өтөрүнө ишенет, ал эми жаңы шайланган президент парламент менен кызматташууда мыйзамдык жана салттык нормаларды сактаганга милдеттүү деп санайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG