Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Курманбек Бакиев Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөштү


БИШКЕК. 25-июнда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык жана Кыргызстанда убактылуу баш калкаалап турган өзбек бозгундарына байланыштуу маселелер боюнча пикир алышышты. Курманбек Бакиев Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири Бириккен Улуттар уюму менен кызматташуу экендигин белгиледи. Ал өзбек бозгундарына байланыштуу маселени чечүүдө кыргыз өкмөтү эл аралык конвенцияларга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун, КМШ өлкөлөрүнүн алкагында кол коюлган келишимдерге ылайык аракет жасаарын билдирди. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый байланыштар, тыгыз саясий жана экономикалык мамилелер да качкындарга байланыштуу маселени чечүүдө эске алынышы абзелдигин белгиледи. Кофи Аннан бозгундарга байланыштуу түзүлгөн кырдаал татаал экендигин белгилөө менен, БУУ кыргыз өкмөтүнө бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Ал ошондой эле БУУ Кыргызстандын жаңы жетекчилигин өлкөдө стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоого, уюм менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жасаган аракеттерин колдой тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG