Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Өзбекстандын прокуратурасы Кыргызстандагы 131 бозгунду Ташкенге кайтарып берүү өтүнүчү менен Бишкекке кайрылды


БИШКЕК. 22-июнда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты. Анда 13-майдагы Анжиан окуясынын себептери жана кесепети тууралуу айтылган. Кыргызстандын аймагында убактылуу башпаанек кылып турушкан 500дөй адамдын 465и Өзбекстандын атуулдары, 36сы Кыргызстандын атуулдары экендиги белгиленген. Бозгундар лагериндеги Өзбекстандын 100 атуулу, Кыргызстандын 31 атуулу Анжиандагы козголоңго катыштыгы бар деп шектелип, сыртынан айып тагылган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аймагындагы күнөөлүү деп шектелген 131 жаранды Өзбекстанга кайтарып берүүнү өтүнүшкөн. Кыргызстандын 33 атуулуна терактка катыштыгы бар деген айып тагылган кылмыш иши Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кошумча иликтөө тууралуу жолдонгондугу айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен жана Башкы прокуратурадан Өзбекстан тараптан эч кандай ырасмий маалымат түшпөгөндүгүн маалымдашты.

XS
SM
MD
LG