Дарига Назарбаеванын пикиринде, казак оппозициясынын колго аларлык программасы жок, бирок ал Казакстанда Кыргызстандагыдай окуялардын кайталануу мүмкүнчүлүгүн төмөнкү жагдайлардан көрөт:
- Бизде да Кыргызстандагыдай болушу мүмкүнбү? Ооба, мүмкүн деп жооп берүүгө туура келет. Анткени дүйнөлүк саясатта экспансиянын жаңы түрү – демократиянын экспорту пайда болду. Бул ачыгын айтсак, стратегиялык кызыкчылыктар бар аймакка жетекке көнө турган өкмөттөрдү алып келүүнүн жаңы технологиясы.
Андан ары Дарига Назарбаева "Асар" партиясынын курултайындагы сөзүндө демократиялаштыруунун өзү айткандай ыкмасы көп учурларда эл мүдөөсү менен демократиянын максаттарына шайкеш келбесин кошумчалайт. Ал эми мурдарак Дариганын атасы, казак президенти Нурсултан Назарбаев жана башка бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагыдай окуялардын алардын мекенинде кайталанышы мүмкүн эместигин бир нече курдай айткан эле.
Кыргызстандагы ыңкылаптын эртесиндеги жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүндө Нурсултан Назарбаев анын жүйөөсүн Казакстандын саясаты туура жолдо экендиги менен түшүндүргөн:
- Кыргызстандагы окуялар - биздин багытыбыздын тууралыгынын дагы бир далили. Саясий туруктуулуктан, улут аралык ынтымактан улам Казакстан өтө жигердүү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулду. Ийгиликтүү экономикалык саясат биздин калктын жыргалчылыгы өсүүсүнүн негизи болду.
Казак саясат тануучусу Болатхан Тайжан Кыргызстандагы окуялардын Казакстанда кайталанбаганы дурус деп эсептейт. Анткен менен буга элдин социалдык абалы таасир этиши ыктымал:
- Кыргызстандагыдай кырдаал болушу мүмкүн дегендин түпкү себеби – ыңкылапты четтен алып келүү эмес, калктын абалы. Асыресе айылды алсак, анын жагдайы белгилүү. Бирок мен өзүм анын жүзүн ары кылсын деймин.
Казакстандын демократиялык күчтөрүнүн "Адилет Казакстан үчүн " деп аталган кыймылынын мүчөсү, оппозициячыл маанайдагы саясатчы Амиржан Косанов казак президентинин кызынын "демократия экспорту" жөнүндөгү кебин комментарийлеп, "Азаттыктын" Алматыдагы кабарчысына берген интервьюсунда мындай деди:
- Демократияны экспорттоо, башкарууга боло турган өкмөттү алып келүү деген пикирлерди биз ошол демократиялык ойлордун калктын аң –сезимине сиңүүсүнөн чоочулоо деп билебиз.
Айтор казак президентинин кызы Дарига Назарбаева "Асар" партиясынын курултайында конструктивдүү делген күчтөрдү "Казакстандын демократия үчүн Элдик союзу" деген уюмду куруп, биригүүгө чакырды. Д. Назарбаева белгилегендей, анткени азыр бир да партия өлкөнүн алдында турган көйгөйлөрдү жалгыздап чече албайт. Жаңы уюмдун максаттарынын бири жергиликтүү бийликтин ишине коомдук көзөмөл ортнотуу болуш керек. Себеби Кыргызстандагыдай окуялардын кайталанышына бийликтин шалаакылыгынын да кесепети тийиши мүмкүн:
- Мүмкүн боло тургандыгын – мамлекеттик машинанын ийкемсиздигинен жана карапайым адамдардын көйгөйүн сезбегендигинен, парламент менен маслихаттардын элдеги акыбалга таасир эте албастыгынан көрүп олтурабыз.
Оппозициячыл күчтөрдүн "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын мүчөсү Амиржан Косанов жаңы уюм түзүү демилгеси бийликтин тапшырмасы катары көрөт:
-Казакстандын чыныгы демократиялык күчтөрү "Адилет Казакстан үчүн" кыймылына кошулду. Алар бийликтин тапшырмасын орундатышы мүмкүн. Алдыда президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Андыктан, оппозициячыл партияны экиге бөлүп, саясий клон жасагандай ниеттери бардыр.
Дарига Назарбаев жетектеген "Асар"партиясы өзүн президентчил саясий уюмдардын катарына кошот. Байкоочулардын айтымында, Казакстанда ушундай дагы төрт партия бар.
Саясат таануучу Болатхан Тайжандын пикиринде, жаңы биримдикке негизинен президентчил партиялар кирчүдөй жана бул көп деле кыйынчылыкты жаратпайт:
- Саясий күчтөрдүн союзун куруу жаман идея эмес. Бирок кандай негизде курулат, маселе ошондо. Жалпысынан ал партияларды бириктирүү кыйын эмес. Президенттин акимчилиги айтса эле бириге калышат.
Дарига Назарбаева бийликке жакын партияларды бириктирүү зарылдыгын мурда да айткан болчу. Анын демилгесин "Асардын" курултайы өткөн күнү Казакстандын Демократиялык партиясы деген өкмөтчүл саясий уюм дароо эле колдоду.
Курултайдан кийинки маалымат жыйынында болсо Дарига өз талапкерлигин алдыдагы президенттик шайлоого коюу ниети жок экенин айтты. Ал эми атасы Нурсултан Назарбаев мыйзам боюнча келерки жылы өтүүчү шайлоого катышарын буга чейин эле билдирген.