Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Беларус менен Сербия күч органдарынын кызматташтыгын чыңдайт


Александр Вулин (оңдо) Иван Кубраков менен жолугушууда.
Александр Вулин (оңдо) Иван Кубраков менен жолугушууда.

Беларус жана Сербия өкмөттөрү уюшкан кылмыштуулукка, жогорку технологиялар жаатындагы кылмыштарга каршы биргелешип күрөшүү, күч органдарынын, полициянын, террорчулукка каршы күрөшүү мекемелеринин кызматкерлерин окутуп, машыктыруу тууралуу келишим кабыл алышты. Бул тууралуу 30-октябрда серб өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сербиянын вице-премьер-министри Александр Вулин Беларустун борбор калаасы Минскиге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Жогоруда аталган келишимге беларус тараптан ички иштер министри Иван Кубраков кол койду.

Кубраков 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан жарандардын акцияларын күч менен таркаткандыгы үчүн Европа Биримдигинин, АКШнын жана Улуу Британиянын санкцияларына илинген адам экени белгилүү.

Вулин да Орусия менен тыгыз кызматташкан жетекчи катары АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген.

Сербия Европа Биримдигине талапкер өлкө. Орусияга Украинага кол салуусуна жардам бергендиги үчүн Беларуска каршы да жарыяланган санкцияларга ал башында кошулуп, кийинки кеңейтилген санкцияларды колдобой койгон.

Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн күч органдары 2020-жылдагы шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан жарандардын акциялары учурунда тутанган жапырт нааразылык толкунун күч менен баскан. Натыйжада миңдеген киши кармалып, көбү камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG