Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Испаниянын Валенсия аймагында селден каза болгондор 95 кишиге жетти


Испанияда болгон селдин кесепети.
Испанияда болгон селдин кесепети.

Соңку маалыматтар боюнча Испаниянын түштүгүндөгү Валенсия аймагында селден каза болгондор кеминде 95 кишиге жетти. Шейшемби күнү Валенсияда жаан нөшөрлөп жаап, катуу шамал болгон.

Социалдык тармактарда аймактын тургундары селден качып бактарга чыгып жаткан, ошондой эле куткаруучулар сууда калган автоунаалардан адамдарды чыгарып аткан видеолор тарады. Басма сөз жыйынында Валенсия аймагынын башчысы Карлос Масон суу каптаган кээ бир аймактарга жетүү азырынча мүмкүн эмес экенин айтты. Ондогон адамдар дайынсыз болуп жатканы кабарланды.

Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселонанын ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.

Акыркы жолу Валенсияда мындай жаратылыш кырсыгы 2023-жылы сентябрда болуп, анда үч киши каза тапкан.

Окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү аба ырайынын да ар кандай экстремалдык өзгөрүүлөрүнө түрткү болуп жатканын белгилөөдө. Метеорологдордун пикиринде, Жер ортолук деңиздеги суунун температурасынын жогорулашы буулануу деңгээлин активдештирип жатат жана мунун айынан жаан-чачын көбөйүүдө.

Быйыл күз башталгандан бери Европанын бир нече өлкөсүн суу каптап, ондогон адамдар набыт болду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG