Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

Орусия энергетиканы бутага албоо сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты четке какты


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украина менен бири-биринин энергетикалык объектилерине сокку урбоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-октябрда мындай кабарларды фейк деп атады.

Ар кандай айың кеп тарап жатканын белгилеген Песков анын баары "реалдуулуктан алыс" экенин айтты жана "жада калса кадыр-барктуу жалпыга маалымдоо каражаттары да мындай ойдон чыгарылган кабарларды жарыялоодон уялышкан жок" деп кошумчалады.

29-октябрда Financial Times басылмасы Украина бийлигиндеги булактарына таянып Киев Катардын ортомчулугу аркылуу Москва менен бул маселе боюнча быйыл августта украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна кирген окуядан кийин үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантууга аракет кылып жатканын жазган. Украина бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын күз айларынан бери Украинанын энергетикалык инфраструктурасын уламдан улам аткылап, чоң чыгымга, электр жарыгынын айрыкча кыш мезгилиндеги тартыштыгына учуратууда.

Соңку айларда Орусиянын энергетикалык ишканаларына, негизинен Украинага каршы согушка салган аскерлерин кара май менен камсыздаган мунай иштетүүчү компанияларына, кампаларына өзүнүн учкучсуз учактары менен Украина да сокку ура баштады.

Өткөн аптада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын чабуулдарынан Украинанын энергетикалык инфраструктурасынын жарымынан көбү талкаланганын айтып, анын баарын кайра калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG