Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

30-октябрь: Кытай туристтерге 21 күн визасыз режим, орус оппозициясы Путинди кетирүү аракетин баштады


Орус оппозиция өкүлдөрү: Владимир Кара-Mурза, Андрей Пивоваров, Илья Яшин , Бонн; 2-август, 2024-жыл
Орус оппозиция өкүлдөрү: Владимир Кара-Mурза, Андрей Пивоваров, Илья Яшин , Бонн; 2-август, 2024-жыл

30-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМК Имамидин Ташов абакта кыйноого кабылды деген маалыматты четке какты

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, абактагы ишкер Ташов коомчулуктун "көңүлүн буруу максатында денесине өзү атайын залал келтирген". 30-октябрда саат 9дагы тергөө абагын пландуу кыдыруу учурунда Ташовдун курсагында бычак сайылган эки жараат аныкталып, "Тез жардам" кызматы №4 ооруканага жеткирген. УКМК Ташов менен чогуу кармалгандардын сөзүнө таянып, ал "денесине өзүндөгү устара менен залал келтирген" деп кабарлады. 30-октябрда адвокат Самат Матцаков ишкердин курсагы эки жеринен кесилгенин билдирген. Ушул эле күнү Ташов Биринчи май райондук сотунун чечими менен ооруканадан Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени маалым болду.

Быйыл Орусиянын абактарынан 77 кыргызстандык мекенине өткөрүлдү

Москвада Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Орусиянын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Петр Серков жана юстиция министри Константин Чуйченко менен жолугуп, Кылмышкерлерди өткөрүп берүү тууралуу КМШ Конвенциясынын жоболорунун аткарылышын талкуулады. Учурда Орусиянын абактарында 1370 кыргызстандык бар экени, соңку учурда бул көрсөткүч көбөйүп жатканы айтылды. 2024-жылы орус абактарынан 77 кыргыз жараны өткөрүлүп берилсе, дагы 56 кишини экстрадициялоо боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду. Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар.

Сокулукта аялына зомбулук көрсөткөн деп шек саналып 25 жаштагы күйөөсү кармалды

28-октябрда денесинде жарааты бар 22 жаштагы келин райондук ооруканага түшкөн. Милиция Д.К. аттуу жаран расмий никеси жок К.М аттуу аялын уруп, зомбулук көрсөткөнү аныкталганын билдирди. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 177- беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. Буга чейин 24.kg агентиги окурмандарына таянып, Сокулукта күйөөсү аялын түнү менен кыйнап, тырмагын жулуп, бычак менен сайып салганын жазган. Саламаттык сактоо министрлиги 24.kg сайтына аялдын абалы орточо, бирок туруктуу экенин билдирген. Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

Кытайлык туристтер тобу Кыргызстанда 21 күн визасыз жүрө алат

Министрлер кабинетинин 28-октябрдагы токтомуна ылайык, Кытайдан алдын ала бекитилген туристтик программа менен келген бештен 25ке чейинки адамдар тобу өлкөгө визасыз кирип, 21 күн жүрө алышат. Алардын колунда кайтып кетүүчү авиабилети болууга тийиш. Аларга Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кайра туристтик программа менен өлкөгө визасыз кирүү укугу берилет. Кытайлык туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилип жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-октябрда “Кытай - Борбор Азия” XI кызматташтык форумунун алкагында Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирген.

Газада Израилдин аба соккусунан 88 кишинин өмүрү кыйылды

Анклавдын түндүк тилкесине эки жолу абадан чабуул коюлганы, каза болгондор арасында ондогон аял жана бала бар экени маалымдалды. Доктурлардын айтымында, өткөн дем алыш күндөрү израилдик аскерлер жүргүзгөн рейд учурунда жергиликтүү оорукананын ондогон медицина кызматкери кармалгандыктан жарааты оор көптөгөн бейтаптар каралбай, жардам ала албай жатат. Израил Газанын түндүгүндөгү жердеги масштабдуу операциясын, абадан соккуларын соңку эки аптадан бери күчөтүүдө жана негизги максаты ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жок кылуу экенин билдирүүдө.

Яшин Украинадагы согушту токтотуу, Путинди кетирүү аракети башталганын айтты

Кремлдин оппоненти, быйыл жайында туткун айырбаштоо жолу менен орус абагынан чыккан Илья Яшин түрмөдөн бошонгон дагы бир саясатчы Владимир Кара-Мурза жана абакта каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная менен бирге Владимир Путинди кызматтан кетирүү максатында чет жактагы орусиялыктарды бириктирүү аракетин баштаганын билдирди. 29-октябрда "Настоящее времяга" курган маегинде ал топтун аракети чет өлкөлөрдөгү жана Орусиянын өзүндөгү жарандарды Кремлдеги азыркы жетекчиликке жана анын Украинадагы согушуна каршы жетелөөгө багытталарын белгиледи. 17-ноябрда алар Берлин шаарында "согушка каршы чоң демонстрация" уюштурары белгилүү болду. Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин мекенинде “фейк маалымат тараткан” деп айыпталып, 8,5 жылга кесилген. Быйыл 1-августта ал Батыш өлкөлөрү менен Орусия түрмөдөгүлөрдү айырбаштаганда мекенинен чыгарылган.

Президент Саломе Зурабишвили Грузиянын европалык багытын коргоого көмөк сурады

Зурабишвили 29-октябрда “Азаттык” радиосунун грузин кызматына курган маегинде ал эгер шайлоо маселеси калыс чечилбесе Европа Биримдигине талапкер макамы бар, НАТОго да мүчө болууга умтулуп жаткан Грузия “европалык келечегинен” ажырай турганын белгиледи. Оппозициялык партиялар шайлоодо 300 миң добуш бийликтеги партиянын пайдасына бурмаланганын айтып жатышат. 26-октябрдагы шайлоодо бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы 53,92%, ал эми оппозиция 38% добуш алганы расмий жарыяланган. Зурабишвили баш болгон оппозициялык партиялар шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Испаниянын сел каптаган Валенсия аймагында кеминде 62 адам каза болду

Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон суу каптаган жерлерде адамдар агып кетпеш үчүн бакка чыгып, өрт өчүрүүчүлөр сууга чөккөн машина ичинде калгандарды чыгарып жатканын көрүүгө болот. Аймактын башчысы Карлос Масон пресс-конференцияда маалымат берип, абал оорлогон кээ бир жерлерге куткаруучулардын жетиши мүмкүн болбой жатканын айтты. Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселона ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.

XS
SM
MD
LG