Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Дүйнөлүк Жаратылыш күнү белгиленүүдө


5-июнь - дүйнөлүк Жаратылыш күнү катары эсептелет. Улуттар уюму быйылкы иш -чараларда ири шаарлар же мегаполисттер жараткан прблемаларга, шаарларда калктын көбөйүп жатышына көңүл бурууну көздөөдө. Сан-Францискодо бүгүн дүйнөнүн 50дөй шаарынын мэрлери өздөрү жетектеген калааларды жашылдандыруу, абасын, суусун тазалоо боюнча иш - чараларды камтыган документке кол коюшмакчы. БУУнун Айлана- чөйрө программасынын эсебинде, 2030-жылы дүйнө калкынын 60 пайызы шаарларда жашап калат, бул азыркы көрсөткүчтөн дээрлик жарымга көп. Шаар калкынын санынын өсүүсү өз кезегинде ири проблемаларды, атап айтканда суунун жетишсиздигин жана коопсуздугун, абанын булгануусун жаратып, жакыр аймактарда санитардык абалдын начардыгын шарттоодо.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG