Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

'Ал-Каиданын' Ирак бөлүмүнүн башчысынын эки жардамчысы кармалды


АКШ менен Ирактын бир миңге жакын аскери кечээ күнү Хадита шаарын согушкерлерден тазалоо аракеттерин өткөрдү, ар башка кагылышуулардан он согушкер өлтүрүлдү. Өлкөнүн тышкы иштер министри Хошиар Зебаринин айтымында, согушкерлер жакын арада талкаланат:

"Биз бул согушта утулабыз деген ойду четке кагабыз. Биз ишенебиз, террорчулар менен болгон согушта биз жеңебиз жана адилеттүүлүк орнойт, элдин өз келечегин өзү тандоого тоскоолдук түзүп жаткандар - эски доордон чыга албай жаткан саддамчылыр", - деди министр.

Андан тышкары, өкмөттүн айтымында, "ал-Каида" террордук уюмунун Ирак бөлүмүн жетектеген Абу Мусаб аз-Заркавинин эки жардамчысы кармалды.

XS
SM
MD
LG