Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

'Эл аралык мунапыс' уюму АКШны сынга алды


"Эл аралык мунапыс" деп аталган адам укуктарын коргогон уюм кечээ чыгарган отчетто адам укуктарынын абалы 2001-жылдан бери бүткүл дүйнө боюнча начарлады жана ага негизинен АКШ жооптуу деп айтылат. АКШ жетекчилиги тарабынан эч кандай сотсуз жүздөгөн туткун кармалган Кубадагы Гуантанамо аскерий базасы болсо отчетто азыркы мезгилдин ГУЛагы деп да аталат. АКШ өкмөтүнүн өкүлү Скотт Маклеллан андай күнөөнү дароо четке какты:

"Менин оюмча, мындай күнөө шылдыңга окшош жана эч кандай факты менен коштолбойт. Адам укуктарын жана адамдык ар-намысты коргоодо Америка Кошмо Штаттары алдыңкы орунда", - деди Маклеллан.

"Эл аралык мунапыстын" айтымында, террорчулукка каршы АКШ жүргүзгөн согушту мисал катары алып, Ооганстандан Зимбабвеге чейинки мамлекеттер азыр адам укуктарын кеңири бузууга жол берүүдө.

XS
SM
MD
LG