Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Өзбекстан тарап кыргыз-өзбек чек арасында көзөмөлдү күчөттү


ОШ. Эртең мененки саат бештен баштап Шаркансай чегара бекетинин аркы тарабын Өзбекстандын чегарачылары көзөмөлгө ала башташты. Учурда атуулдар эки тараптуу чегара посту аркылуу кирип-чыгып турушат. Өзбекстандын аймагынан качып өтүшкөн Элдик кыймылдын айрым мүчөлөрү түңкү саат экилер чамасында шаарга Өзбекстандын аскер күчтөрү киргендигин жана Элдик кыймылдын уюштуруучуларын кармап кетишкендигин айтышты. Кыргызстандын аймагындагы туугандарына өтүп келген өзбек атуулу Сажида Халдарова учурда Өзбекстандын күч органдары шаарды Элдик кыймылдын башчыларынан тазалоо жана калк арасында коркутуу иш чараларын жүргүзүп жатканын билдирди. Шаркансай чегара тилкесинде Өзбекстандын аскердик тик учмалары эки сааттай учуп жүрүштү. Өзбекстандык тик учмалардын чегара аймагындагы аракеттери тууралуу кыргыз чегарачылары коментарий берүүдөн баш тартышты. Кыргыз чегарасында турушкан чет элдик журналисттер чегаранын аркы тарабындагы абал менен таанышуу максатында өзбек чегарачыларынан постон өтүүгө уруксат сурашты. Бирок өтүнүч канаттандырылган жок.

XS
SM
MD
LG